Биз менен байланышыңыз

Орусияда бир суткада дээрлик 8 миң адамда коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 мая 2020 | 362 | 0

Акыркы сутка ичинде Орусияда коронавирус инфекциясынын жаңы 7 933 учуру катталды. Жалпы оору жуктургандардын саны 114,4 миңге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде COVID-19дан 96 адам көз жумду. Аталган эпидемиядан каза тапкандардын жалпы саны 1 169 адамга жетти. Ал эми 13 220 адам коронавирустан айыкты.

Инфекциянын жаңы учурлары Москвада 3 561 жана Москва районунда — 797 адамда катталды. Ошондой эле, Санкт-Петербург (349 жаңы учур), Свердлов (232), Нижний Новгород (179) жана Дагестанда (164) илдетке чалдыккан.

Жалпысынан COVID-19 менен ооругандардын көпчүлүгү Москва шаарында (57,3 миң) жана Москва районунда (12,5 миң) катталууда. Борбордон алыскы аймактардан эң көп төмөнкү аймактар жабыркады:

  • Санкт-Петербург (4 411 адамга оору жуккан, 33 адам көз жумган);
  • Нижний Новгород облусу (2 123 жуктуруп, 14 адам көз жумган);
  • Дагестанда (1 553 адам оору жугузуп, 12си көз жумган);
  • Мурманск облусу (1 313 адам жуктуруп, төртөө өлгөн);
  • Краснодар аймагы (1 083 учур катталып, 20 адам өлүмгө дуушар болду).

Copyright © 2017 Maral FM