Биз менен байланышыңыз

Жек Манын гуманитардык жардамынын экинчи партиясы келди

Кыска кабар | 1 мая 2020 | 590 | 0

Кытайлык миллиардер, Alibaba Group компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма жана анын кайрымдуулук фонду тарабынан Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардамдын экинчи партиясын беришти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-апрель күнү, Бишкекке Кытайдан ПЧР-тест жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар түрүндө гумжардамдын экинчи партиясы келген.

10-апрелде аталган фонддор тарабынан жалпы суммасы 1 миллион 800 миң юанды түзгөн коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар түрүндө гуманитардык жардам келген болчу.

Кошумчалай кетсек, аталган фонд буга чейин Орусия, АКШ жана Европанын бир катар өлкөлөрүнө да гумжардам берген.

Жек Манын гуманитардык жардамы Кыргызстанга келди

Copyright © 2017 Maral FM