Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: 96% буудай Казакстан менен Орусиядан импорттолот

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 638 | 0

Чыны менен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган мамлекет болушубуз керек. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында айыл чарбасындагы өндүрүштү күчөтүш керек.

Кризис келип, чек алар жабылып, ушундай абалда кыйнала турган учурлар бар экен. Биз азыр өзүбүздү кант, сүт, эт, картошка менен камсыз кылабыз. Буудай боюнча абдан чоң маселе бар. 96% буудай Казакстан менен Орусиядан келет. Ушундай маселелерди чечип, кайра иштеткен компанияларды колдоп, өзүбүздүн саясатыбызды жүргүзүшүбүз керек, — деди Абылгазиев.

Мындан тышкары, ал айыл чарбасына тиешелүү баардык маселелерди комплекстүү карап, акча каражатын максималдуу түрдөө сарптоо керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM