Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: 30-апрелге карата дүйнөдөгү эң актуалдуу маалыматтар

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 525 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 29-апрелде кечинде дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 2,995 миллион кишиден ашып, 204,9 миң адам көз жумган. Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына караганда, дүйнөдө 3,2 миллиондон ашык адам илдетке чалдыгып, 228 миңден ашыгы көз жумган.

Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ лидер болуп, анда илдетке чалдыккандардын саны 1 миллиондон ашты. Экинчи орунда Испания (236,8 миң), үчүнчү орунда Италия (203 миң), Франция төртүнчү орунда (166,5 миң), Улуу Британия бешинчи (166,4 миң). Жуктургандардын саны боюнча Орусия дүйнөлүк рейтингдин сегизинчи катарына кирди.

29-апрелге карата алынган маалымат

4-майда Польша соода борборлорунун жана мейманканалардын ишин кайрадан жандандырат. Алардын ачылышы коронавирус пандемиясынан улам коюлган чектөөлөрдү жеңилдетүүнүн экинчи этабы болуп саналат. Соода борборлоруна келгендер аралыкты сакташы керек — 15 чарчы метрге 1 киши. 4-майдан тарта республикада санитардык талаптарга жооп берген музейлер, китепканалар жана спорт аянтчалары иштей баштайт. 6-майдан тарта питомниктер жана бала бакчалар ишин улантат.

АКШнын президенти Дональд Трамп эт жана үй канаттууларын кайра иштетүүчү ишканалардын пандемияга байланыштуу ишин токтотпостон, үзгүлтүксүз камсыздап жатканы маанилүү экендигин айтты.

Эр-Риядда коронавирусту жуктурган аял дени сак бала төрөдү. Аялдын абалы жакшы деп бааланып, айыгып жатканы айтылууда. Бирок, төрөт учурунда коронавирусту жуктуруп албоо үчүн, оорукананын дарыгерлери коргонуу чараларын көрүүгө аргасыз болушкан.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Миннесота штатындагы клиникага барып, коронавирусту жуктуруудан сактануу үчүн беткап кийүү сунушун кабыл алган жок. Пенс аны коронавируска дайыма текшерүүдөн өтүп тургандыгы менен түшүндүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM