Биз менен байланышыңыз

Казакстанда мунай кенинде иштеген 71 жумушчуда коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 503 | 0

Казакстандын Атырау облусундагы (республиканын батыш тарабындагы) эң ири «Тенгиз» мунай кенинде иштеген  71 жумушчуда коронавирус аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

-Учурда Тенгиз кенинде вирусту жуктуруп алгандардын саны 71 адамга жетти. Алардын ичинен 12 жумушчу айыгып чыкты. Жумушчулардын 1500ден ашык адам менен байланышта болгондугу болжолдонууда, — деп билдирген тез жардам кызматынын аймактык башкармалыгы.

Казакстанда 30-апрелге карата 3205 адамда коронавирус инфекциясы тастыкталды, алардын 25и өлүмгө дуушар болуп, 819 адам аталган илдеттен айыкты.

Дүйшөмбү күнү президент Касым-Жомарт Токаев 16-марттан баштап күчөтүлгөн өзгөчө кырдаал режимин 11-майга чейин узартууну жарыялаган.

Мамлекет башчысы Нур-Султан жана Алматы каттамдарынын жандана тургандыгын, ошондой эле айрым региондордо карантин режиминин жеңилдей турганын да кошумчалаган.

Тенгиз кен ишканасынан кызматкерлерди чыгаруу 16-апрелде башталган. Жалпысынан 17 миң кызматкерди алып чыгуу пландаштырылууда. Бүгүнкү күндө 10 миңден ашык кызматкер чыгарылган, калгандары 5-майга чейин аталган кенден чыгарылып кетет.

Теңиз кенин “Тенгизшевройл” (ТШО) компаниясы иштетет. ТШО 1993-жылы Казакстандын өкмөтү жана америкалык «Шеврон» мунай корпорациясы тарабынан түзүлгөн. Учурда компаниянын Шеврон ТШО 50%ына, Казмунайгаз — 20%ына, ExxonMobil — 25%ына жана LukArco (Лукойл) — 5%ына ээлик кылат.

Copyright © 2017 Maral FM