Биз менен байланышыңыз

Жарандар битир-садаганы уюлдук операторлор аркылуу бере алышат

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 611 | 0

Быйылкы жылдагы битир-садаганы жарандар уюлдук операторлор аркылуу бере алышат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Карантин маалында MegaCom абоненттери битир-садага, зекет сыяктуу кайрымдуулук төлөмдөрүн MegaPay аркылуу төлөй алышат.

Ал эми Вeeline абоненттери битир-садаганы, зекетти жана башка кайрымдуулуктарды balance.kg тиркемеси аркылуу үйдөн чыкпастан бере алышат.

Акча каражаттары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине келип түшөт.

Мындан тышкары зекетти берүүдө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын РСК банктагы эсептик счетуна РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу беришсе болот.

Copyright © 2017 Maral FM