Биз менен байланышыңыз

Ала-Букада кош бойлуу аял менен 85 жаштагы бейтап коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыгарылды

Кыска кабар | 26 Апр 2020 | 704 | 0

Covid-19 илдети менен ооруган кош бойлуу бейтап ийгиликтүү үйгө чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Covid-19 илдети менен ооруган жаш келинди дарыгерлер айыктырып чыгарышты. Дарыланган келиндин беш айлык боюнда бар болгон.

Бейтаптын айтымында, бул анын үчүнчү кош бойлуулугу, бактыга жараша коронавирус дарылоодо өтүшүп кеткен эмес.

Жаш келин стационарда 14 күндүк дарылануудан өтүп, ПЧР-анализин тапшырып, терс жыйынтык чыккандан кийин үй карантинине жиберилди.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык ооруканасынын дарыгерлери коронавирус илдети тастыкталган 85 жаштагы бейтапты айыктырышты. Анын оорусу жеңил түрдө өткөн.

Аял 2020-жылдын мартында кичи умрадан келгендердин арасында болгон. Сапарда аны коштоп жүргөн келининен вирус табылган эмес.

Республика боюнча коронавирус инфекциясы менен жалпы 682 адам катталды. Анын ичинен: стационарда – 304,  жандандыруу бөлүмүндө – 6 адам. 370 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.


Коронавирус менен катталган 682 адам кайсы аймактардан?

Copyright © 2017 Maral FM