Биз менен байланышыңыз

Баткен: жалпы 5 бейтап айыкты, 1 медкызматкер эмделүүдө

Кыска кабар | 22 Апр 2020 | 595 | 0

Баткен облусунда 3 адам коронавирустан сакайып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде айтылды.

Маалыматка караганда, Баткен шаарында 1, Кызыл-Кыя шаарында 2 адам сакайды. Алар толук дарылануудан өтүштү жана анализдери таза чыкты. Учурда саламаттыгы жакшы. Ооруканадан чыккан 3 бейтаптын бирөөсү — саламаттыкты сактоо кызматкери. Бул 3 адам коронавирус менен ооруган жарандар менен байланышта болушкан.

Буга чейин Баткенде 2 бейтаптын айыкканы айтылган. Бүгүнкүлөр менен кошулуп, жалпы 5 адам коронавирустан сакайган.

Баткен облусу боюнча жалпы 6 адам коронавирустук инфекция менен катталган. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тастыктагандай, алардын бешөөсү айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Учурда Баткен шаарында 1 медкызматкер эмделүүдө.

Республика боюнча коронавирустук диагноз менен катталгандардын саны 612ни түздү. Алардын ичинен 254 бейтап айыкса, 8 киши каза болгон.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 157 учур, укук коргоо органдарында 12 учур катталды.


Бишкекте COVID-19 диагнозу коюлган 8-бейтап каза болду

 

Copyright © 2017 Maral FM