Биз менен байланышыңыз

Бишкекте COVID-19 диагнозу коюлган 8-бейтап каза болду

Кыска кабар | 22 Апр 2020 | 1448 | 0

22-апрелде Бишкек шаарындагы инфекциялык ооруканада коронавируска кабылган 53 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев билдиргенин Акипресс басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, аял 5-апрелде ооруканага жаткырылган.

Буга чейин 1-апрелден 5-апрелге чейинки аралыкта Кеминдеги аймактык ооруканада эмделген. Бейтапта коронавирустан сырткары кан диабети, гипертониялык оору, жүрөк оорусу сыяктуу кошумча оорулар болгон,- дейт Алиев.

Бул жагдай менен кошулуп, республика боюнча коронавирус диагнозу коюлган жалпы 8 адам көз жумду.

Республика боюнча коронавирустук диагноз менен катталгандардын саны 612ни түздү. Алардын ичинен 254 бейтап айыкса, 8 киши каза болгон.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 157 учур, укук коргоо органдарында 12 учур катталды.


Коронавирус менен катталгандардын аймактар боюнча бөлүнүшү

Copyright © 2017 Maral FM