Биз менен байланышыңыз

Коронавирус менен катталгандардын аймактар боюнча бөлүнүшү

Кыска кабар | 22 Апр 2020 | 607 | 0

Бүгүн, 22-апрелге карата Кыргызстанда дагы 22 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 612 адамга жетти.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалыматы боюнча, акыркы суткада 38 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Аймактардагы бейтаптардын саны:

— Жалал-Абад облусунда – 109;

— Ош облусунда – 151;

— Ош шаарында – 97;

— Чүй облусунда – 34;

— Бишкек шаарында – 133;

— Баткен облусунда – 6;

— Нарын облусунда – 74;

— Ысык-Көл облусунда – 8.

Республика боюнча коронавирустук диагноз менен катталгандардын саны 612ни түздү. Алардын ичинен 254 бейтап айыкса, 7 киши каза болгон.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 157 учур, укук коргоо органдарында 12 учур катталды.


Укук коргоо кызматкерлеринин 12си коронавирусту жуктуруп алган, алардын бири реанимацияда

Copyright © 2017 Maral FM