Биз менен байланышыңыз

УКМК: Алмазбек Атамбаев соттук отурумга келбей койду

Кыска кабар | 22 Апр 2020 | 885 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча сот отурумуна катышуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда отурум өтмөк. Бул иш боюнча 14 айыпталуучу бар, алардын бири — Алмазбек Атамбаев. Бирок отурум Атамбаев, жактоочулар жана жабырлануучу тарап келбегендиктен жылдырылды.

Буга чейин да сот бир нече ирет артка жылдырылган.

УКМКнын маалыматы боюнча, Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык.

«Эч кандай даттануусу жок. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 175 адам ар түрдүү мүнөздөгү жаракат алып, ооруканага кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM