Биз менен байланышыңыз

Эл акыны Элмирбекти эскерүү… (жоктоо ырлары)

Блог , Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 6917 | 0

Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев кечээ, 20-апрелде 42 жашында көз жумду. Кыргыз-казакка белгилүү болгон ак таңдай акынды дос-санаалаштары, замандаштары жана жалпы эле кыргыз эли жоктоп турган чагы. Төмөндө Элмирбек Иманалиев тууралуу жазылган ырлар, пикирлерди топтогонго аракет кылдык.

Элмирбек Иманалиев менен чыгармачылык жолдо бир келе жаткан досу Жеңишбек Жумакадыр:
«Жан дүйнө калды термелбей досум,
Жашайбыз эми сен келбей досум.
Эш тутуп залкар билчү эле калкың,
Эшмамбетти көргөндөй досум.
Токтобойт көз жаш кабырга сыздап,
Токтогул кайра өлгөндөй досум»,-деп жоктоп ырдады. Толук окуу үчүн https://maralfm.kg/archives/416456

Ал эми манасчы, ак таңдай акындын замандашы Рысбай Исаков Элмирбек Иманалиев тууралуу: «Жаштыктын жалын күчү ошол белем. Элмирбек экөөбүз 3 күн, 3 түн уктабай, жатакана кыдырып, не бир сонун сөздөрдү сүйлөштүк илгери. Боюндагы өнөрүнүн канчасы ачыла элек эле…
Акыркы жылдары көр-тиричиликтин көйгөйү менен көрүшпөй да калдык. Сен жөнүндө укмуш түш көрдүм деп айтты эле соңку кездешкенде. Түш чындап эле укмуш экен. Батадан кездешкенбиз. Чыкканда көрүшпөй калдык. Дагы бир жолукканда түш акысы деген шылтоо менен бир сырдашсак деген ой бар эле…»-
деген эскерүүсүн жазды.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «Туйгуну эле жылдыздын, Тулпары кетти кыргыздын» деп жазса, дагы бир эл өкүлү, «Айтыш» фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз:

«Ак шумкар боосун тытты бейм.
Айды көздөй учту бейм
Аттиң…» -деп эскерет.

Санаалаш досу Сыймык Бейшекеев Иманалиев менен болгон акыркы кат алмашуусун мындай деп бөлүштү: «Кандай, жакшыбы? Мен дарыланып атам, бара албайм го»
😥 … акыркы жазганың ушул экен мага.. эми эч качан эч жакка чогуу баралбайбыз досум».

Ошондой эле акын Бердибек Жамгырчиев да эл акынын төмөндөгүдөй ыр саптары менен жоктоду:

Жадырап ар мүнөттө карап өткөн,
Кана жаз? Кана жаштык? Кана көктөм?
Ушунча жакшы адам да болчу беле,
Тирүүлүк шаңын кошо ала кеткен..

★ ★ ★ ★ ★ ★ ★
Өнөрдөн учкан жебе элең байке,
Өмүрү бүтпөс кеп элең байке.
Тоо болуп турган ак калпак элге,
Токтогулубуз сен элең байке.

Жадырап турган жаз элең байке,
Мөңгүдөй бийик, таза элең байке.
Тагдырың толуп бөксөрүп турду,
Талантың жактан саз элең байке.

Өмүрдү сүйүп сүрчү элең байке,
Улуттун санат мүлкү элең байке.
Көр дүйнө менен толтурбай жанды,
Ыр гана жыйнап жүрчү элең байке.

Көңүлгө үмүт жакчу элең байке,
Көөдөндөн жарык тапчу элең байке.
Кылымды түрүп карасак кайра,
Кыргызга келген бакты элең байке.

Дагы бир акын, журналист Кудурет Тайчабаров да Элмирбек акынга ырын арнады:

Буулугуп, уйку качып, ойлондуруп,
Бул кабар жүрөктөргө оор жетти.
Билбеген бир акынды жоктоп калса,
Билгендерге бир кылымдык доор кетти.

Элмирдин доору кетти көрсө аттиң,
Токтогул, Эстебестин заманындай.
Залкарлар көп жашаган, эрте кеттиң,
Өнөрдүн чарчап калган баласындай.

Элмирбек унутулбайт айрымдардай,
Түбөлүк созолонгон обону бар.
Атак-даңк сыналуучу тоону ашкан,
Эки элдин тарыхында «Долону» бар.

Торгою Токтогулдун унуттурбай,
Тарыхта айтыш жолун түздөп кетти.
Булбулун бул өмүрдөн таппай калып,
Буулугуп башка жактан издеп кетти.

Сенсиреп, эл душманын, беш каманды,
Акыйкат, калыстыкты «Сиз» деп кетти.
Аруузат тазалыкты таба албай,
Чындыкты чын дүйнөдөн издеп кетти.

«Коштошпой кеттиң, ай!» деп өкүнбөйлү,
Эмикем ырларында коштошуптур,
Буулуккан булбулундай ачык айтпай,
Сатайдын Чубагына окшошуптур.

Элмира, Элмирбегим, Гүлбү сулуу,
Бат эле сыноолордон өттүңөрбү?
Бейиште булбул сайрайт деп айтылат,
Чыныгы жашооңорго кеттиңерби?

Ошондой эле жаш акындардын катарын толуктаган Мелис Маматжанов да эл акынын төрт сап менен эскерди:

Кайгылуу кабар талашып таңды,
Гүлдөгөн бакты кар басып калды…
Буулуккан булбул, буюккан комуз…
Бу сапар ажал адашып калды.

Адегенде Элмирбек Иманалиевдин замандаштары анын акыркы кездердеги жазган ой-толгоолорун, бата-тилектерин да социалдык тармактар аркылуу бөлүшүүдө. Алардын айрымдарын төмөндө берилген:

«Өткөнүбүзгө -өкүт кылбай, болмушубузга — шүгүр этип, эртеңибизге — үмүт артып, Жараткан — жар болсун дейли!
Жакшылык — бар болсун дейли!

Жан — аруу болсун!
Ден — сак болсун!
Ниет — ак болсун!
Кудурет — кубат болсун!
Кубаныч — булак болсун!
Рухубуз — нурунан ажырабасын!
Улутубуз — ырынан ажырабасын!
Улуулар — нарктан тайбасын!
Кичүүлөр — барктан тайбасын!
Уулдарыбыз — сыйдан кетпесин!
Кыздарыбыз — сындан кетпесин!
Жерибиз — көркүнөн ажырабасын!
Элибиз — эркинен ажырабасын!

Тилегибизди Улуу Жараткан кабыл кылсын!»

Элмирбек Иманалиев

…Жетем дагы атыңды атап жан берем,
Сенсиз кантип бул жалганга батмакмын?
Чымындар да учуп келмек шаң менен:
Анда аларга мындай бир сөз айтмакмын:

«Денем алсыз, бердим бермек жанымды,
Эркин учуп, эркин конуп тойгула.
Бир сураныч: шарап кылсаң канымды,
Сүйүү үчүн тост көтөрүп койгула…»

Элмирбек Иманалиев

Жомоктой өмүр — жолдогу бекет,
Келгендер — келет, кеткендер — кетет.
Бирөөлөр бизге табылбай калды,
Бирөөлөр бизди табалбай калат…

Элмирбек Иманалиев

“Өмүр ~ мүмкүнчүлүк. Дүйнө ~ бизге аманат конок. Аны келечекке аздектеп, аспиеттеп өткөрүп берүү ~ милдет. Бизге тапшырылган аманаттардын ири алдында Ата-журт, мекен, тил, улуттук жакшы салт, чыныгы нарк, насил дегендер турат. Биз ошолор менен элбиз, ошолор менен өлкөбүз. Бизге берилген жөндөм, шык, кесипти билим менен чыңдап, сүйүү менен асырап, адамгерчилик менен пайдаланып элге арнайлы! Түбөлүк Жараткандын алдында жүзүбүздү жарык кылуучу нерсе ошол го… Мындан башкасын мен азырынча байкай элекмин. Таңдан таңга чейинки мүмкүнчүлүктү жакшы пайдаланалы!”  Элмирбек Иманалиев

Copyright © 2017 Maral FM