Элмирдин доору кетти көрсө аттиң,
Токтогул, Эстебестин заманындай.
Залкарлар көп жашаган, эрте кеттиң,
Өнөрдүн чарчап калган баласындай.
Элмирбек унутулбайт айрымдардай,
Түбөлүк созолонгон обону бар.
Атак-даңк сыналуучу тоону ашкан,
Эки элдин тарыхында «Долону» бар.
Торгою Токтогулдун унуттурбай,
Тарыхта айтыш жолун түздөп кетти.
Булбулун бул өмүрдөн таппай калып,
Буулугуп башка жактан издеп кетти.
Сенсиреп, эл душманын, беш каманды,
Акыйкат, калыстыкты «Сиз» деп кетти.
Аруузат тазалыкты таба албай,
Чындыкты чын дүйнөдөн издеп кетти.
«Коштошпой кеттиң, ай!» деп өкүнбөйлү,
Эмикем ырларында коштошуптур,
Буулуккан булбулундай ачык айтпай,
Сатайдын Чубагына окшошуптур.
Элмира, Элмирбегим, Гүлбү сулуу,
Бат эле сыноолордон өттүңөрбү?
Бейиште булбул сайрайт деп айтылат,
Чыныгы жашооңорго кеттиңерби?
Ошондой эле жаш акындардын катарын толуктаган Мелис Маматжанов да эл акынын төрт сап менен эскерди:
Кайгылуу кабар талашып таңды,
Гүлдөгөн бакты кар басып калды…
Буулуккан булбул, буюккан комуз…
Бу сапар ажал адашып калды.
Адегенде Элмирбек Иманалиевдин замандаштары анын акыркы кездердеги жазган ой-толгоолорун, бата-тилектерин да социалдык тармактар аркылуу бөлүшүүдө. Алардын айрымдарын төмөндө берилген:
«Өткөнүбүзгө -өкүт кылбай, болмушубузга — шүгүр этип, эртеңибизге — үмүт артып, Жараткан — жар болсун дейли!
Жакшылык — бар болсун дейли!
Жан — аруу болсун!
Ден — сак болсун!
Ниет — ак болсун!
Кудурет — кубат болсун!
Кубаныч — булак болсун!
Рухубуз — нурунан ажырабасын!
Улутубуз — ырынан ажырабасын!
Улуулар — нарктан тайбасын!
Кичүүлөр — барктан тайбасын!
Уулдарыбыз — сыйдан кетпесин!
Кыздарыбыз — сындан кетпесин!
Жерибиз — көркүнөн ажырабасын!
Элибиз — эркинен ажырабасын!
Тилегибизди Улуу Жараткан кабыл кылсын!»
Элмирбек Иманалиев
…Жетем дагы атыңды атап жан берем,
Сенсиз кантип бул жалганга батмакмын?
Чымындар да учуп келмек шаң менен:
Анда аларга мындай бир сөз айтмакмын:
«Денем алсыз, бердим бермек жанымды,
Эркин учуп, эркин конуп тойгула.
Бир сураныч: шарап кылсаң канымды,
Сүйүү үчүн тост көтөрүп койгула…»
Элмирбек Иманалиев
Жомоктой өмүр — жолдогу бекет,
Келгендер — келет, кеткендер — кетет.
Бирөөлөр бизге табылбай калды,
Бирөөлөр бизди табалбай калат…
Элмирбек Иманалиев
“Өмүр ~ мүмкүнчүлүк. Дүйнө ~ бизге аманат конок. Аны келечекке аздектеп, аспиеттеп өткөрүп берүү ~ милдет. Бизге тапшырылган аманаттардын ири алдында Ата-журт, мекен, тил, улуттук жакшы салт, чыныгы нарк, насил дегендер турат. Биз ошолор менен элбиз, ошолор менен өлкөбүз. Бизге берилген жөндөм, шык, кесипти билим менен чыңдап, сүйүү менен асырап, адамгерчилик менен пайдаланып элге арнайлы! Түбөлүк Жараткандын алдында жүзүбүздү жарык кылуучу нерсе ошол го… Мындан башкасын мен азырынча байкай элекмин. Таңдан таңга чейинки мүмкүнчүлүктү жакшы пайдаланалы!” Элмирбек Иманалиев