Connect with us

Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүү маселеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 19 Ноя 2024 | 300 | 0

Бишкек шаарынын төрт районунун аталышын өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев сунуштады. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин 19-ноябрдагы жыйынында айтты.

Тармактык комитет бүгүн «Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.

Талкуу маалында депутат Сыдыгалиев мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин жетекчиси Кудайберген Базарбаевге кайрылып, Кыргызстанда аталышы өзгөртүлө турган аймактарды бир мыйзам долбоору кылып алып келүүнү, ага Бишкектин төрт районунун аталышын өзгөртүүнү да кошууну сунуштады.

«Ар бир аймакты бөлүп отурбай, Кыргызстан боюнча бир эле мыйзам кабыл алып, өзгөртүп салбайлыбы? Бишкектин төрт районун качан алып келесиздер, ушул маселе турат. Өткөндө мен көтөрдүм эле ошол маселени. Ошого жакшы бир аталыш карабайсыздарбы. Мисалы, Тажикстанда баарын бир күндө эле өзгөртүп коюптур, биз улам бир райондун аталышын алып келип, бир-бирден кошуп, улам мыйзам кылып жүрөбүз. Баарын бир өзгөртүп, бир мыйзам менен өзгөртүп салалы. Бишкектин төрт районун да кошуу керек» , — деди Нурбек Сыдыналиев.

Мыйзам долбооруна ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды, Ноокен районунун Э. Алиев айыл аймагынын Параканда айылын Баракелде, Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Большевик айылын Баялы Исакеев, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылын Шадыкан, Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Новодонецк айылын Айтматов, Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Козучак айылын Жанкороз Олуя, Беш-Таш айыл аймагынын Балбал айылын Жаныбек Баатыр, Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылын Сыйдалы, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Теплоключенка айылын Ак-Суу айылы деп кайра атоо максатында иштелип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM