Биз менен байланышыңыз

№17 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы кырдаалды териштирүү тапшырылды

Кыска кабар | 18 Апр 2020 | 455 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги №17 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин кароо жана тергөө жүргүзүүнү тапшырды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, аны көзөмөлдөө вице-премьер-министр Аида Исмаиловага жүктөлдү.

Буга чейин Бишкек шаарындагы №17 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 4 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталганы айтылган. Мекеменин имараты толугу менен дезинфекциялоо үчүн жабылганы маалымдалган. Оору жугузуп алган медицина кызматкерлери менен байланышта болгондордун баары обсервацияга жаткырылган.

Бейтапкана мамлекеттик резиденцияга жакын аймакта, тактап айтканда, Ленин районундагы Семетей көчөсүндө жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM