Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө дагы 12 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 17 Апр 2020 | 841 | 0

Кыргызстанда дагы 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүнкү пресс-конференцияда Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында катталган. Борбор калаада врачтардын илдетти жуктуруп алган жети жаңы учуру катталды.

Ош облусунда медиктер тарабынан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 5 жагдай белгилүү болду. Жугузуунун факторлору ар кандай. Медиктерктер көбүнчө оорулуулар менен болгон контакт учурунда же болбосо медициналык кароодо турган адамдардан жуктуруп алышкан, — деди Нурболот Үсөнбаев.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алуунун 489 учуру белгилүү болду. Алардын 116сы дарыгерлер

Copyright © 2017 Maral FM