Биз менен байланышыңыз

Асрандиев: Бизнес секторун колдоого 14 млрд сом жумшалат

Кыска кабар | 12 Апр 2020 | 686 | 0

Кризистен чыгуунун 2-этабын жана бизнес секторун колдоо боюнча каржылоонун булактары (ички жана тышкы) аныкталды. Буга 14 млрд сом жумшалат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, учурда экономика секторуна жана бизнестин түрлөрүнө анализ жүргүзүлүп жатат.

Кайсы тармактар чоң зыян көрүп, жабыр тарткан бизнестин түрлөрү анализденип жатат. Кайсы ишмердүүлүктүн түрлөрү биринчи кезекте колдоого муктаж. Ошондой эле кайсы бизнести биз ачсак тез арада жарандарды жумуш менен камсыз кылып, экономикага оң таасир тийгизет. Булардын баары анализ жүргүзгөндөн кийин белгилүү болот. Сөзсүз түрдө бизнестин түрлөрүн гана эмес көлөмдөрүн да карап жатабыз. Биринчиден, чакан ишкерлер, күнүмдүк ишмердүүлүк менен алектенгендер да каралууда, — деди Асрандиев.

Асрандиев белгилегендей, ири ишканалардын ишмердүүлүгүнө жана көйгөйлөрүнө анализ жүргүзүлүп жатат. Салык кызматынын маалыматына караганда, өлкөдө 2 миң 200дөй ири ишкана бар.

Эркин Асрандиев билдиргендей, жүргүзүлүп жаткан анализдин жыйынтыгында кимге кандай жардам берилери белгилүү болот. Бизнес тармагына финансылык жардам көрсөтүүдө каражаттарды кайсы жактан табарыбыз да каралып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM