Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирус жуктургандар 800гө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Апр 2020 | 403 | 0

12-апрелге карата Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 796 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, кечээ кечинде коронавирус жуктуруп алган 59 жаштагы ферганалык бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан толук айыгып чыккандардын саны 42ге жетсе, илдеттен көз жумгандардын саны төрттү түзөт.

Буга чейин Өзбекстанда дарыгерлер коронавирус менен ооругандарды дарылоодо жаңы ыкманы колдоно баштаганы кабарланган.

6-апрелден тарта Ташкент, Нукус жана облустук борборлордо милдеттүү түрдө өзүн-өзү изоляциялоо режими киргизилген. Бул режимдин чегинде жарандарга тамак-аш, дары-дармек, оорканага баруу жана жумуштан тышкары сыртка чыгууга тыюу салынат.

Мындан тышкары, ири азык-түлүк базарларына жана супермаркеттерге киргенде жарандардын дене табы өлчөнөт.

Өзбекстанда коронавирусту жуктурган биринчи учур 15-мартта Франциядан келген жарандан катталган. Өкмөт 65 жаштан ашкан жана өнөкөт оорулары бар жарандарга өзгөчө кырдаалсыз үйдөн чыгууга тыюу салган.

Copyright © 2017 Maral FM