Биз менен байланышыңыз

Нарын: үч постко дезинфекциялоочу өтмөк коюлду

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 368 | 0

Нарын шаарындагы санитардык-карантиндик 3 постко дезинфекциялоочу өтмөк коюлду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өтмөктөр Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңештин жардамы менен «Мүмкүнчүлүк» коомдук уюмунун башчысы Улук Букарадинов тарабынан колдо бар материалдардан жасалган.

Аталган өтмөктөр шаар тургундарына кызмат кылмакчы.

 

Copyright © 2017 Maral FM