Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге 200 миң сом компенсация төлөнөт

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 591 | 0

Кызматтык милдеттерин аткарууда коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге берилүүчү компенсациянын өлчөмү 200 миң сомду түзөт, ал эми кызматкер каза болгон учурда компенсациянын көлөмү 1 миллион сомду түзөт. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Белгиленгендей, учурда врачтарга жана медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр берилүүдө. Тийиштүү органдарга финансылык каражаттарды өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөп берүүсү тапшырылды.

Кубатбек Боронов атайы иштелип чыккан www.help.covid.kg онлайн платформага коронавирустук инфекцияга каршы күрөш боюнча атайы эсептерге финансылык каражаттардын түшүүсү жана алардын кийинки колдонулушу, Саламаттык сактоо, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтерине келип түшкөн гуманитардык жардам тууралуу, ошондой эле калктын аярлуу катмарын колдоо үчүн эсепке финансылык каражаттардын келип түшүүсү тууралуу маалымат жайгаштырылгандыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM