Биз менен байланышыңыз

10-апрель: Кытайда коронавирустун жаңы 42 учуру катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 665 | 0

Акыркы сутка ичинде Кытайда коронавирустук инфекциянын жаңы 42 учуру катталды. Бул тууралуу РБК жазды.

Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, инфекциянын 42 учурунун 38и чет өлкөдөн келген жарандардан аныкталган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата Кытайда 82 924 адам коронавирусту жуктурган. Алардын ичинен 77,7 миң адам айыгып, өлгөндөрдүн саны 3 335 кишиге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM