Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктурган дарыгерлердин саны 34кө жетти

Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 366 | 0

Бүгүн, 9-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дарыгерлердин саны 34кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Коронавирусун жуктурган 34 дарыгердин аймактарга карата бөлүнүшү:
• Бишкекте – 4,
• Ош облусунда – 21,
• Жалал-Абад облусунда – 8,
• Баткен облусунда – 1.

Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 280ге жетти. Алардын ичинен 30 адам коронавирустан айыгып, 4 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM