Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктургандардын бешөө реанимацияда

Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 574 | 0

Учурда жалпы стационарларда 246 бейтап жатат, алардын ичинен 10 адам оор абалда жана анын ичинен бешөө реанимацияда. Бул тууралуу өкмөт саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, 10 бейтаптын абалы оор болуп, бешөө реанимация бөлүмүндө жатат. Бирөө Ноокат аймактык ооруканасында, төртөө республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жатат. —

Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 280ге жетет. Алардын ичинен 30 адам коронавирустан айыгып, 4 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM