Биз менен байланышыңыз

Ухандын 11 жумалык карантинден кийинки көрүнүшү (сүрөт)

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 1673 | 0

Бүгүн, 8-апрелде биринчи коронавирус табылган Кытайдын Ухань шаарында карантин аяктаганы жарыяланды.

Deutsche Welle агенттиги Ухандын учурдагы көрүнүшүнөн сүрөттөрдү жарыялады.

11 миллиондук калкы бар Ухань шаары 23-январдан бери тышкы дүйнөдөн толугу менен изоляцияланган. Сүрөттө  Ухань полициясы коргоочу тоскоолдуктарды алып жатат.

Кытай бийлигинин айтымында, акыркы күндөрү Ухань шаарында коронавирустук инфекциянын жаңы учурлары катталган жок. Расмий маалыматтар боюнча, Кытайда эпидемия башталгандан бери, инфекцияга чалдыккандардын 93% айыгып кетти. Бул илдетке чалдыккандардын саны 82 миңге жакын, оорудан каза болгондор 4% түзөт.

Ухань үч айга жакын мөөнөттө карантинде болду. Март айынын аягынан баштап бийликтегилер акырындык менен чектөөлөрдү ала башташкан. 8-апрелден баштап Ухань шаарынын бардык тургундары шаарда эркин жүрө алышат. Сүрөттө шаар тургундары карантиндин жокко чыгарылышына кубанышууда.

Бүгүнтөн баштап шаарга кирүүгө жана чыгууга болгон тыюу алынып салынды. Жакынкы бир нече саатта Уханда поезддер жүрө баштайт жана учак менен учууга да болот. Жакынкы убакта шаарлар аралык унаа байланыштары калыбына келтирилет. Сүрөттө коронавирустун алдын алуу үчүн темир жол платформасын дезинфекциялоодо.

Ухань — Хубэй провинциясындагы ири өнөр жай аймагы болуп саналат. Маалыматка ылайык, Ухань Кытайдын шаарларынын арасында экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча 9-орунда турат. Шаарда биомедицина жана автоунаа тармактары өнүккөн.

Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Ми Фэндин айтымында, карантин алынып салынганына карабастан, Кытайда коронавирус эпидемиясы кайрадан жанданышы мүмкүн. Инфекцияны чет өлкөдөн жуктуруп келүү көрсөткүчү жогору болуп, буга чейин 700дөн ашуун учур катталган.

Карантин учурунда Ухань шаарынын тургундарынын кыймылы катуу көзөмөлгө алынган. Бийликтегилер аларды Alipay жана Wechat тиркемелериндеги QR коддор аркылуу көзөмөлдөп турушкан. Ар бир колдонуучу ден-соолугунун абалына жараша жашыл, сары же кызыл түс алышкан. Жашыл коду барлар гана батирден чыгып, жумушка кете алышкан. Учурда Ухань шаарынын бардык тургундарына жашыл түс берилди.

Ухань шаарынын тургундары акырындык менен кадимки жашоо абалына кайтууда. Бирок коронавирус дүйнө жүзү боюнча тездик менен жайылып жаткандыгына байланыштуу, коркунуч дагы деле жоголо элек.

Кытай бийлиги 4-апрелди коронавирустун курмандыктары үчүн аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул сүрөттө кытайлык дарыгерлер каза болгондорду  эскеришүүдө. Жалпысынан Кытайда COVID-19дан 3330дан ашуун адам көз жумган.

Коронавирус жөнүндө биринчилерден болуп кытай офтальмологу Ли Вэнлян социалдык тармакта жарыялаган. Ал үчүн дарыгер эки жолу полицияга чакырылып, жалган маалымат таратууга айыпталган. 1-февралда дарыгер коронавирусту жуктуруп алган жана бир жумадан кийин көз жумган. Сүрөттө Ухандагы борбордук ооруканада дарыгердин портрети жана гүлдөр коюлган.

Учурда дүйнө жүзүндө коронавирустун курмандыктарынын саны 70 миң адамдан ашты.

Copyright © 2017 Maral FM