Биз менен байланышыңыз

Абдикаримов: Өзгөчө абал эпидемиологиялык абалга жараша өзгөрөт

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 542 | 0

Өзгөчө абалдын алынары же узартылары өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министр өзгөчө абалдын аякташына дагы 8 күн бар экенин, аны алуу же узартуу эпимдемиологиялык кырдаалга жараша болорун билдирди.

Ал эпидемиологиялык абалга жараша болот. Анын негизинде республикалык штабга сунуш киргизебиз, — деди Абдикаримов.

Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 228ге жетти. Алардын ичинен 42 адам коронавирустан айыгып, 4 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM