Өзгөчө абалдын алынары же узартылары өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Министр өзгөчө абалдын аякташына дагы 8 күн бар экенин, аны алуу же узартуу эпимдемиологиялык кырдаалга жараша болорун билдирди.
—Ал эпидемиологиялык абалга жараша болот. Анын негизинде республикалык штабга сунуш киргизебиз, — деди Абдикаримов.
Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 228ге жетти. Алардын ичинен 42 адам коронавирустан айыгып, 4 адам каза болду.