Connect with us

Казакстанда коронавирусту жуктурган дарыгерлердин саны 120га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 557 | 0

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча пандемия башталгандан бери медицина кызматкерлеринин арасында коронавирустун 120 учуру катталды, алардын 67и кесиптик милдеттерин аткарып жатып жугузуп алышкан.

Казакстанда 604 адамда коронавирус тастыкталды, алардын алтоосу көз жумган.

16-марттан бери Казакстанда өзгөчө абал жарыяланды. Нур-Султан жана Алматы  шаарларында 19-мартта карантин киргизилген. Кийинчерээк карантиндик чектөө чаралары өлкөнүн башка аймактарында жана шаарларында киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM