Биз менен байланышыңыз

Ишкана кызматкерлерин ташууга уруксат алуу жөнөкөйлөштүрүлдү

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 613 | 0

Ишкана, уюмдардын кызматкерлерин ташууга уруксат алуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Эми уруксат алуу үчүн билдирменин формасын толтуруу керек, анда ким жана кандай максатта уруксат алууну каалагандыгы көрсөтүлөт.

Уруксат алган соң, төмөнкү документтерди көрсөтүү менен блокпосттордон өтүүгө болот:
— иштеген жеринен алынган маалымдама;
— жол баракчасы, анда кызматкерлердин тизмеси жана толук маалыматы көрсөтүлөт;
— QR-код.

Уруксат алуу үчүн билдирменин жана жол баракчасынын бекитилген формасы менен www.1312.tunduk.kg шилтемеси боюнча таанышууга болот.

Аталган чечим Бишкек шаарындагы өндүрүштүк ишмердүүлүктү үзгүлтүксүз ишке ашыруу жана азык-түлүк, медикаменттер жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен өз мөөнөтүндө камсыздоо максатында кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM