Биз менен байланышыңыз

Карызы бар абоненттердин жарыгы жана ысык суусу өчүрүлбөйт

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 661 | 0

Өлкөнүн айрым аймактарында киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдар шартында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана туруктуу камсыздоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен энергетикалык компанияларга абоненттердин карызы болгон учурда электр энергиясын жана ысык суунун берилишин токтотпоо тапшырылды. Бул тууралуу Өкөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Учурда электр энергиясы жана ысык суу менен камсыз кылуу штаттык режимде жүргүзүлүүдө.

Чек арага чектеш райондорун электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча башка чарбалык субъектилер менен өз ара кызматташуу бекитилген тартипте ишке ашырылууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, күнүгө өлкө боюнча энергетика түйүнүндө авариялык өчүрүүлөр болууда. Бул тармактын ыкчам оңдоо жана көчмө ыкчам бригадалары авариялык зыянга учураган жерге кандай гана убакыт болбосун барып, аны оңдоодо.

Copyright © 2017 Maral FM