Биз менен байланышыңыз

Шаар сыртында жашагандардан атайын тастыктама талап кылынат

Кыска кабар | 11 мая 2020 | 712 | 0

11-майдан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына киргизилген коменданттык сааттар алынды.

Ошондой эле, бүгүнтөн тарта карантиндик режимде төмөнкү багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилди. Буга чейин айтылгандай, иш-аракеттерди жандандыруунун этаптуу жол-жобосуна абалдын өзгөрүшүнө жараша оңдоп-түздөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү да каралган.

11-майдан тарта иштөөгө уруксат берилген тармактар:

Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:

-микрофинансылык уюмдар;

-камсыздандыруу компаниялары;

-ломбард;

-акча алмаштыруу пункттары;

-кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;

-туристтик агенттиктер;

-адвокаттык кызматтар;

-басма кызматтары.

Калкты тейлөө кызматтарынан:

-сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;

-тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;

-химтазалоо.

Соода чөйрөсүнөн:

-курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;

-автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;

-тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;

-автосалондор – авторыноктордон сырткары.

-Массалык маалымат каражаттары.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендер үчүн – шаар ичинде жылып жүрүүгө ишкананын катталган жери боюнча Мамлекеттик салык кызматында тастыкталган аныктамасы керек. Мында салык кызматында көп адамдын топтолушун болтурбоого жумуш берүүчү муну тизме боюнча өзү ишке ашырышы туура болот. Өкмөт бул маселени мэрия менен биргеликте иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген.

Белгилесек, аталган аныктамалар Бишкек жана Ош шаарларында иштеп, бирок шаардын сыртында жашаган кызматкерлерге керектелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM