Биз менен байланышыңыз

Ибраимжанов: Уруксат кагаздары эң көп кытайларга берилген

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 899 | 0

Кыргызстанда иштөөгө уруксат кагаздары эң көп кытай жарандарына берилген. Мындай маалыматты Миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов айтты.

Өткөн 2018-жылы уруксат кагазы берилген жалпы 12 миң 950 адамдын дээрлик 70 пайызын Кытай Эл республикасынын жарандары түзгөн. Бирок бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу аз экенин белгилейт Ибраимжанов.

Ал эми өлкөгө киргендердин саны боюнча биринчи орунда Казакстан республикасынын жарандары турат. Экинчи орунда Орусия Федерациясынын, кийинки орунда Тажикстандын жарандары, бешинчи орунда кытайлар турат.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Кыргызстандын аймагына жалпы 7 млн 5миң чет өлкөлүк кирген. Жыл соңуна чейин анын 6млн 930у чыгып кеткен.

 

Copyright © 2017 Maral FM