Биз менен байланышыңыз

Кытай коронавирус менен күрөшүү үчүн Орусияга дарыгерлер тобун жөнөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 1053 | 0

Кытай бийлиги коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү үчүн Орусияга дарыгерлердин тобун жөнөттү. Бул тууралуу ишемби күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицян билдиргенин ТАСС агентиги жазды.

-Коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө Орусияга жардам берүү үчүн, Кытай өкмөтү бир топ медициналык эксперттерди жиберүүнү чечти, — деп Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү айтты.

Кытайдын  саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитети тарабынан түзүлгөн адистердин тобу  жана дарыгерлер 11-апрелде эртең менен Орусияга жөнөп кетишкен.

Sina маалымат порталына ылайык, 10 кишиден турган эксперттер тобу Харбинден (Хэйлунцзян провинциясы, Түндүк-Чыгыш Кытай) Орусияга учуп кетишкен. Басылманын маалыматына ылайык, дарыгерлер Орусияга бир жолу колдонулуучу медициналык маскаларды, N95 респираторун, бир жолу колдонула турган кол кап, коргоочу костюмдар жана вируска каршы күрөшүү үчүн колдонулган башка материалдарды жеткиришет.

Жаңы коронавирус инфекциясы Борбордук Кытайда 2019-жылдын аягында катталып, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнө жайылып, 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан пандемия деп табылды.

Орусияда 11-апрелге карата 11 917 коронавирус инфекциясы катталып, 795 адам айыгып, 94 адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM