Биз менен байланышыңыз

Жаандан Базар-Коргон – Арсланбап унаа жолунда сел жүрдү (сүрөт)

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 691 | 0

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 5-апрелден 6-апрелге караган түнү жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел, Могол айыл аймагындагы Базар-Коргон–Арсланбап унаа жолунун 44-45-чакырым аралыктарын жана Улаачы тилкесинде 3 турак үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жерине ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүм башчысы жана №50 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер, айыл аймак тарабынан 1 грейдер жана жергиликтүү тургундардан 12 адам тартылып, тазалоо иш-чаралары саат 11:40та толугу менен бүткөрүлүп, жол толугу менен ачылды.

Copyright © 2017 Maral FM