Биз менен байланышыңыз

Казакстандын окумуштуулары коронавирусту аныктай турган тест-система иштеп чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 576 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук жугуштуу инфекциялар илимий борборунун жана Улуттук Биотехнология борборунун кызматкерлерин COVID-19 коронавирусун аныктоо үчүн тест-системаларды иштеп чыгышы менен куттуктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

— «Мен эки алдыңкы ата мекендик илимий мекемелердин жамаатын COVID-19 коронавирусун аныктоо үчүн тест- системаларын иштеп чыккан чоң жетишкендиги менен куттуктайм», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Токаевдин айтымында, иликтөө борборлорунун окумуштуулары менен адистеринин эмгегинин натыйжасында, кыска мөөнөттүн ичинде бардык белгиленген эл аралык стандарттарга жооп берген тест -системаларды иштеп чыгууга мүмкүн болду. Бул миңдеген казакстандыктардын өмүрүн жана ден-соолугун сактап калууга жардам берет.

Учурда Казакстанда коронавирустун 584 учуру аныкталды, алардын алтоосу өлүмгө дуушар болду.

16-мартта Казакстанда өзгөчө абал жарыяланган. Нур-Султан жана Алма-Ата шаарларында 19-мартта карантин киргизилген. Кийинчерээк карантиндик чектөө чаралары өлкөнүн башка аймактарында жана шаарларында киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM