Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктургандардын бешөө оор абалда

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 754 | 0

Азыркы учурда коронавирус илдетине чалдыгып, 202 адам стационардык дарыланууда жатат. Алардын ичинен 5 адам туруктуу-оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүндө (реанимацияда) жатат. Анын ичинен 2 адам жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

6-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 19 адам айыгып, бүгүн дагы 23 адамды ооруканадан чыгаруу пландалып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM