Биз менен байланышыңыз

Бир түндө коменданттык сааттын эрежесин бузган 78 жаран кармалды

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 529 | 0

Бир түндө коменданттык сааттын шартын бузган 78 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча — 66, Ош шаары боюнча — 2, Жалал-Абад шаары — 6, Сузак району боюнча — 2, Кара-Суу районунда — 2 адам кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Жалпысынан алганда үч күндүн ичинде өлкө аймагында 1944 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль топтору тарабынан кармалды.

Copyright © 2017 Maral FM