Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы Жалал-Абаддагы карантиндик посттордун ишин текшерди

Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 521 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусундагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Өкмөт башчы Сузак районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы санитардык-карантиндик посттордун инфраструктурасы менен таанышып, мында нөөмөттө турган аскердик жана милиция кызматкерлери, куткаруучулар, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен маектешти.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, биргелешкен иштердин уюшкандыгынан жана сапатынан коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн натыйжалуулугу көз каранды. Ал медицина кызматкерлерин бардык зарыл нерселер менен камсыздоо үчүн мамлекет каржылоо маселелерин чечип жатканын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча масштабдуу иштерди баштаганын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө абал режимин укуктук аткарууну мындан ары карай камсыздоого тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Өкмөт башчы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышып, киргизилген режим аларды тийиштүү деңгээлде жүргүзүү үчүн эч бир таасир бербеши керектигин белгиледи. Премьер-министр өлкөдө жүк ташуулар, ишкерлер жана дыйкандар үчүн эч кандай чектөөлөр жок экендигин ырастады.

Copyright © 2017 Maral FM