Биз менен байланышыңыз

Бир суткада өткөрмө кагазын алуу үчүн 10 миӊ электрондук арыз түштү

Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 586 | 0

Өткөн сутка ичинде өткөрмө кагазын алуу үчүн Бишкек шаарынын комендатурасына 10 миӊ электрондук арыз келип түштү. Алардын ичинен, 413 жактырылды, калгандары каралып жатат. Бул тууралуу брифингде Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын комендатурасы тамак-аш азыктарын жеткирүүчүлөргө 2860, медицина кызматкерлерине жана фармкомпанияларда иштегендерге 789, банк кызматкерлерине 280 өткөрмө кагаздарын бергендигин кошумчалады.

Өткөн сутка ичинде борбордо коменданттык саатты 99 адам бузду. Алардын ичинен 85и эркек, 14ү аял.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны  144гө жетти. Алардын ичинен 6 адам айыгып, бирөө каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM