Биз менен байланышыңыз

Ош: көп киши чогулган жерлерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 1297 | 0

Бүгүн, 3-апрель күнү ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан вирустук инфекцияны жайылтпоо максатында шаардагы көп киши чогулган жерлерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара Ош шаарынын Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ак-Тилек кичи районунун Коргон аймагынын 1,2-көчөлөрүндө жана Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ленин көчөсүнүн Шейит-Дөбө аймагында жүргүзүлүп, коронавирус оорусунун жайылып кетүүсүн алдын алууга багытталган.

Эскерте кетсе, эртең 4-апрель күнү Ош шаарынын Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыгында залалсыздандыруу иштери башталат.

Copyright © 2017 Maral FM