Биз менен байланышыңыз

Президент Азия өнүктүрүү банкынын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 1433 | 0

Бүгүн, 3-апрелде прездент Сооронбай Жээнбеков Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масацугу Асакава менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу учурдагы кырдаал жана дүйнөдөгү иш чөйрөсүнүн активдүүлүгүнүн басаңдашы күч-аракеттерди бириктирип,  антикризистик чараларды биргелешип ишке ашырууну талап кылып жаткандыгын белгиледи.

Президент Масацугу Асакава коронавирус пандемиясы Азия жана жалпы дүйнө өлкөлөрүнүн калкынын саламаттыгы менен экономикасына олуттуу коркунуч болуп саналаарын айтып, илдеттин жайылышынын социалдык-экономикалык кесепеттерин жумшартууга жардам берүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү караштырарына ишендирди.

Ошондой эле ал коронавирус инфекциясынын таасиринен жабыркаган калктын аялуу катмары үчүн гранттык жардамдарды берүү мүмкүнчүлүгү каралып жаткандыгын белгиледи.

Мындан сырткары, кичи жана орто ишкерликке колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM