Биз менен байланышыңыз

3-апрель: Дүйнөдө коронавирус жуктургандар 1 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 1664 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2-апрелдин түнүнө алынган маалыматы боюнча, дүйнөдө жаңы коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 896,4 миң кишиден ашты.  Ал эми, Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына ылайык, дүйнөдө бир миллиондон ашуун адам илдетке чалдыкты. Ошол эле учурда 211,4 миңден ашык адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу РБК агентиги жазды.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавирус жуктургандардын саны боюнча АКШ лидер бойдон калууда. Жуктургандардын жалпы саны — 245,2 миң. Экинчи орунда — Италия (115,2 миң), Испания — (112 миң). Германия (84,7миң). Пандемия башталган Кытай илдетке чалдыккандардын саны боюнча бешинчи орунда калды (82,4 миң).

Орусия боюнча коронавирус тастыкталган 3 548 учур аныкталды. Аталган оорудан 235 адам айыгып, 30 адам көз жумган.

Жогоруда аталган университеттин маалыматы боюнча, дүйнөдө 53 069 адам коронавирустан көз жумган. Өлүмдүн эң көп саны Италияда катталды — 13 915. Ошол эле учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча вирустан 45,5 миңден ашуун адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM