Биз менен байланышыңыз

Сулайманов ӨКМге 1000 даана химиялык коргоочу костюмдарды тапшырды

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 1091 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 1000 даана L1 химиялык коргоочу костюмдарды өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровго тапшырды.  Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бул  гуманитардык жардам катары келген атайын коргоочу кийимдерди тапшыруу иш-чарасы Чүй облусундагы ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда орун алды.

«Бул коргоочу кийимдер өлкөдөгү кырдаалга  байланыштуу учурда күнү-түнү күзөттөрдө санитардык-карантиндик жана блокпосттордо иш алып барып жаткан  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, ички иштер, медицина кызматкерлерине берилет», -деди министр Замирбек Аскаров.

Эскерте кетсек, буга чейин Республикалык штаб тарабынан КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине  стационардык посттордо турган тартип сакчыларын,  медицина кызматкерлерин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин коргоочу костюмдар менен камсыздоо тапшырмасы коюлган.

Мындан улам ӨКМ тарабынан миңге жакын костюм тигилип, өз убагында таркатылып берилген.

Copyright © 2017 Maral FM