Биз менен байланышыңыз

Коронавируска байланыштуу айрым “позитив” маалыматтар

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 2091 | 0

Азыр бүткүл дүйнө коронавирус жөнүндө айтып жаткан учур. Коронавируска байланыштуу айрым “позитив” маалыматтар.

  1. Иранда 103 жаштагы чоң эне илдетти жеңип чыкты. Улгайган куракта бул оорунуу жеңүү кыйын деген кептерге 103 жаштагы Ирандын Семнан шаарынын тургуну чекит койду. Ал ооруканада бир жума дарыланып, илдетти жеңип, үйүнө чыгарылды.
  2. Коронавирусту толугу менен жеңген алгачкы өлкө Кытай болуп саналат. Мындан 2-3 ай мурун Кытай дүйнөдөгү эң коркунучтуу инфекция тараган объект деп табылган. 31-март бүткүл Кытай боюнча вируска чылдыккан бир дагы жаран табылган жок.
  3. Apple комапниясы кеңселерин кардарлар үчүн ачты (азырынча Кытайда гана). 1,5 ай карантинден соң Apple компаниясы 42 расмий дүкөндөрдүн эшигин ачты. Компаниянын мүдүрү Тим Кук пандемия аларды көп нерсеге үйрөткөнүн, биринчи орунда адамдардын өмүрү тураарын билдирген.
  4. Кыргызстанда 5 киши айыкты. Коронавирусту биздин өлкөдө беш киши жеңип чыкты. Айыккандар Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ала-Бука райондоунун тургундары. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, “бул беш жарандын акыркы анализдеринен коронавирустун белгилери табылган жок».
  5.  Окумуштуулар COVID-19 вирусун чакырган антителаны табышты. Нидерландиянын Роттердам жана Утрехттир окумуштуулары вирусту чакырган SARS-CoV-2 антителаны иштеп чыкты. Инфекцияны токтоткон (жапкан) бул биринчи антитела болуп саналат, алардын айтымында антитела эми вируска каршы дары- дармек даярдоого колдонулат.
  6. АКШ вируска каршы вакцинаны сынап баштады. 16- март күнү АКШда 45 ыктыярчыга вируска каршы дары дармек колдонулган. Жалпы жонунан алганда 18ден 55 жашка чейинки 45 ыктыярчыга ар кандай дозада, кандай эффект чыгаарын аныктоо үчүн колдонулган.

Copyright © 2017 Maral FM