Биз менен байланышыңыз

Атайын эсепке 83 млндон ашык акча түштү

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 305 | 0

Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 83,5 млн. сом келип түштү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

2-апрель саат 17.00гө карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 83 млн. 472 миң 193 сом акча каражаты түштү.

Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.

Эске салсак, Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 125 кишиге жетти. Алардын ичинен 5 адам айыгып, бир жаран каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM