Биз менен байланышыңыз

Атайын эсепке түшкөн каражаттан 95 млн сом дарыгерлерге кошумча төлөм үчүн бөлүндү

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 749 | 0

Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын төрагалыгы астында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн физикалык жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн физикалык жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды жана Cаламаттык сактоо министрлигинин 38,5 млн сом өлчөмүндө мурда бөлүнгөн каражаттарды пайдалануусу тууралуу маалыматы угулду.

Комиссия мүчөлөрүнө Cаламаттык сактоо министрлигинин апрель айына карата медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн керектелген 229 млн 418 миң 400 сом өлчөмүндөгү билдирмеси сунушталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө үчүн 95 млн 584 миң сом өлчөмүндөгү өтүнмөсү добуш берүүгө коюлду, жыйынтыгында комиссиянын катышып жаткан 15 мүчөсүнүн ичинен 11и бул чечимди колдоп, 4 мүчөсү калыс бойдон калышкан.

Кеңешменин жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигинин оорунун очогу орун алган аймактарда ишке тартылган саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана ишке тартылган жактарга 95 млн 584 миң сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлөмдөр үчүн өтүнмөсү жактырылды.

Финансы министрлигине Cаламаттык сактоо министрлигинин билдирмесиндеги 133 млн 833 миң сом өлчөмүндөгү жетишпеген сумманы каржылоо тууралуу маселени иштеп чыгуу тапшырылды, анткени билдирмедеги көрсөтүлгөн сумма Cаламаттык сактоо министрлигинин депозиттик эсебине келип түшкөн сумманын жалпы көлөмүнөн жогору саналат.

Атайын эсепке түшкөн каражаттын 38 млн сому медицина кызматкерлерине которулат

Copyright © 2017 Maral FM