Биз менен байланышыңыз

Барыктабасов өлкө башчыларына: Имараттарымды сатып, элге жардам бергиле

Кыска кабар | 20 Апр 2020 | 1780 | 0

Жеке ишкер Урмат Барыктабасов коронавирустан улам түзүлгөн кырдаал, чет жактагы кыргызстандык мигранттардын абалы тууралуу айтып, «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу өз сунушу менен өлкө башчыларына кайрылды.

Президент менен премьер-министрге кайрылган ишкер муктаж болгондорго жардам берүү үчүн Балыкчыдагы 2 имаратын сатууну сунуштаган:

— Чет элде толтура жарандарыбыз келе албай жатат, алар бизге керек. Алардын акчасы да түгөнүп, эмне кылаарын билбей калышты.  Эл баарыбызга керек. «Кумтөр сатылсын» деген да ураан чыгып кетти. Мен каршымын.. Кумтөр элдики, турсун.. Карыз да сурап жатасыңар. Менин Балыкчыда эки имаратым бар, ошону Кумтөр менен келишип, саткыла. Балыкчыда Кумтөрдүн ишканасы жайгашкан, керектеп алат, — деген Барыктабасов имараттарды сатып алуусу үчүн Кумтөрдүн жетекчиси менен сүйлөшкүлө деп сунуш менен кайрылган.

Андан түшкөн каражатты элдин керегине жумшоого болору айтылган.

Кошумчалай кетсек, жеке ишкер Урмат Барыктабасов коронавируска байланыштуу Балыкчыдагы «Алия» мейманканасын оорукана катары пайдаланууга бергенге даяр экендигин билдирип, өзүнүн «Фейсбук» баракчасы аркылуу Өкмөт башчыга кайрылган.

Жеке ишкер Балыкчыдагы мейманканасын оорукана катары бергенге даяр

 

Copyright © 2017 Maral FM