Биз менен байланышыңыз

Жеке ишкер Балыкчыдагы мейманканасын оорукана катары бергенге даяр

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 961 | 0

Жеке ишкер Урмат Барыктабасов коронавируска байланыштуу Балыкчыдагы Алия мейманканасын оорукана катары пайдаланганга бергенге даяр экендигин билдирип, өзүнүн «Фейсбук» баракчасы аркылуу Өкмөт башчыга кайрылды.

—  Урматтуу премьер-министр! Түзүлгөн кырдаал оор болуп турат. Эгер ооруган адамдарга жатакана керек болсо, Балыкчыдагы Алия мейманканасын пайдаланууга берүүгө даярмын. 45 оорулуу адам жаткырса болот. Ысык суу, муздак суу жана башка шарттарынын баары бар, — деп жазган жеке ишкер өз кайрылуусунда.

Ошондой эле, ал мамлекет оор кырдалда турганда жардамын аябай турганын жана пайдаланууга бекер бере турганын жазган.

Мындан сырткары, жеке ишкер жакшы шарты бар жерде оорулуу адамдардын көңүлү көтөрүлүп бат сакаярын кошумчалаган:

Коронавирус шамалдан коркот. Балыкчынын абасы кургак, оорулуу адамдар тез сакайып кетет.  Угушума караганда, шарты жок жерге ооруган адамдарды жаткырганы жатышыптыр».

Кыргызстанда учурда 14 күндүк обсервацияга алынган 303 жаран бар. 181 адам өзү жашаган жеринде медициналык көзөмөлдө турат. 1545 адамдан коронавируска каршы тест алынып, баары таза деген жыйынтык көрсөттү. Кыргызстанда учурда 23 санитардык пункт иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM