Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 200 миңге чукулдады

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 600 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 1-апрелдин түнүнө алынган маалыматы боюнча, дүйнөдө жаңы коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 823,6 миң кишиден ашты. Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына ылайык, дүйнөдө 937 миңден ашуун адам илдетке чалдыкты. Ошол эле учурда 193,7 миңден ашык адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу РБК агентиги жазды.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавирус жуктургандардын саны боюнча АКШ лидер бойдон калууда. Жуктургандардын жалпы саны — 216 миң. Экинчи орунда — Италия (110,5 миң), Испания — (104,1 миң). Пандемия башталган Кытай илдетке чалдыккандардын саны боюнча төртүнчү орунда калды (82,4 миң). Андан кийинки орунда Германия (77,9 миң) жана Франция (57,7 миң) турат.

Орусия боюнча коронавирус тастыкталган 2777 учур аныкталды. Аталган оорудан 190 адам айыгып, 27 адам көз жумган.

Жогоруда аталган университеттин маалыматы боюнча, дүйнөдө 47 235 адам коронавирустан көз жумган. Өлүмдүн эң көп саны Италияда катталды — 13155. Ошол эле учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча вирустан 40 миңден ашуун адам көз жумган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейюс жакында дүйнө жүзүндө  COVID-19 оорусун жуктургандардын саны 1 миллион кишиден ашаарын жана оорудан каза болгондордун саны 50 миңден аша турганын билдирди.

АКШ илдетке чалдыккандардын саны боюнча биринчи орунда турат, алардын саны 216 миң кишиден ашты. Ак үйдүн жумушчу тобунун дарыгерлеринин божомолу боюнча, өлкөдө жабыркагандардын саны 100-240 миң кишиге жетиши мүмкүн. Орусия Америка Кошмо Штаттарына гуманитардык жардам жөнөттү. Керектүү коргонуучу буюмдар жана медициналык жабдыктарды алып барган учак Нью-Йоркко конду.

Copyright © 2017 Maral FM