Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 573 | 0

Парламент Өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн Саламаттыкты сактоо министрлик кызмат ордуна Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды.

Анын талапкерлигин добуш берүүгө катышкан 101 депутаттын 95и колдоду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Сабиржан Абдикаримовдун Саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалышы менен куттуктады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин колдогон Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бүгүн талкууда айтылган маселелерди чечүү үчүн биргеликте аракеттене турганын белгиледи.

Мурунку Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өз арызынын негизинде бүгүн, 1-апрелде кызматын тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM