Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы гранттык орундарга документтерди кабыл алуу убактылуу токтотулду

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 427 | 0

Короновирус боюнча дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу Казакстандын жогорку окуу жайларындагы беш гранттык орун үчүн документтерди кабыл алуу убактылуу токтоду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Казакстан 2020-2021-окуу жылына карата кыргызстандыктар үчүн 5 гранттык орун бөлгөн болчу. Бакалавриат программасына 3 жана магистратурага — 2.

Документтерди кабыл алуунун кайра башталышы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM